Меню
Эл-Сөздүк

АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ. «Манас» эпосу бир эле кылымдын же бир эле доордун көркөм эстелиги эмес. Эпосто кыргыз элинин басып өткөн узак жана татаал тарыхый жолу көркөм чагылдырылып, көптөгөн доорлордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кеңири баяндалган. Анын татаал тутумунда А. д. мезгилинин олуттуу белгилеринин орун алышы талашсыз далил. А. д. доору уруулук-аталык түзүлүш ыдырай баштаган мезгилге туура келет. Бул доорго мүнөздүү салттар жөнүндөгү даректер көптөгөн тарыхый эстеликтерде бар. Ошондой эле элдик оозеки адабиятта баатырдык эпостон да кеңири орун алган. Ф. Энгельс байыркы гректердин баатырдык эпосунун гүлдөгөн мезгили варвардыктын жогорку баскычына туура келерин көрсөтөт. Ал эми К. Маркс болсо жоокерлик мезгилде афиналыктарда бийликтин үч органы: 1) жолбашчылардын кеңеши; 2) элдик чогулуш (агора); 3) аскердик жолбашчы (басилевс) болгондугун далилдейт. «Манас» эпосунда да А. днын бир катар белгилеринин бар экендигин ачык көрөбүз. «Манас» эпосунун идеялык мазмунун аныктаган негизги маанилүү бөлүк болуп саналган «Чоң казат» бөлүмүнөн К. Маркс белгилеген бийликтин үч органын жолуктурабыз. 1. Уруу башчыларынын же аскердик аксакалдардын кеңеши. Эпосто көптөгөн уруулар аталып ар бир уруунун уруу башчысы бар. Мисалы, Манас өзү ногой уруусунан, Акбалта — нойгут, Кошой — катаган жана башкалар. Олуттуу маселелер алгач уруу башчыларынын же аксакалдардын кеңешинде каралып, анан бир чечимге келишет. Мисалы, Манас уруу башчылары менен кеңешип, алар макул болгондон кийин Бээжинге казат жасайт. 2. Элдик жыйын. Уруу башчыларынын бүтүмү жалпы элге, кошунга (колго) салынат. Эпосто ар бир уруу башчысынын өзүнүн эли, уруусу, кошуну (колу) бар. Бээжинге казат жасоо жөнүндөгү бүтүм жалпы элге же кошундарга жарыяланат. Алардын каалоосу, эрки менен эсептешет. Зордоо, күчкө салуу жок экени Манастын Бээжинге казат жасар алдындагы колго кайрылуусунан көрүнөт:
Атым арык дегениң
Азыр кайткын үйүңө,
Өзүм жалгыз дегениң
Эми кеткин үйүңө (Саякбай Каралаев,2.80).

3. Аскердик жол башчы. Жортуулга аттанар алдында согуштук колбашчы же аскер башчы дайындалат. Аскер башчынын бардык буйругун жортуулга катышкан ар бир жоокер аткарууга милдеттүү. Аскер башчынын бийлиги бекем, чексиз. «Манас» эпосунда адегенде Бакай аскер башчы болуп шайланат. Бирок, аскердик тартипти бекем кармай албагандыктан, кийин аскер башчылыкты Алмамбетке ыйгарышат. Аскер башчы өтө жөндөмдүү, кошундар арасына барктуу, согуштук стратегияны жана тактиканы мыкты билген адам болууга тийиш. Алмамбет ушул сапаттардын баарына ээ. А. д-га мүнөздүү болгон согуштук стратегиянын жана тактиканын айрым белгилерин «Манас» эпосунан учуратабыз. Эпосто кошунду онго, жүзгө, миңге, түмөнгө бөлүү салты да баяндалат:
Онун санап өтүптүр,
Он кишиге бир киши,
Он башы коюп кетиптир...
Жүзүн санап алганы
Жүз адамга бир адам
Жүз башы коюп салганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 124).

Манас баатыр өзү да он башы Тазбайматка баш ийип келет. Элдин зсебин алган кезде Байматтын бир кишиси жок болуп чыгат. Алмамбет каарданып Байматты жазаламак болот. Көрсө Баймат Манасты унутуп калыптыр. Ушундан улам «Манасты унуткандай» деген ылакап сөз тараган. А. д. мезгилинде согуш жан багуунун, «элдик турмуштун кадыресе функциясы болуп калат» (Ф. Энгельс). Бытыранды майда уруулар аргасыз биригип, өзүнчө эл болуп түзүлүүгө мүмкүнчүлүк алат. «Манас» эпосунда «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген ыр саптары өтө арбын жолугат. Майда, бытыранды урууларды бириктирүү эпостун негизги темаларынын бири. А. д-нын дагы бир белгиси — Манас баатырдын кан шайланышы. Уруу башчылары адегенде кеңешип Манасты кан көтөрүшөт да, анан бүтүмдү жалпы элге салат:
Кары-жашы күңгүрлөп,
Каныбыз Манас болду деп,
Калктын баары дүңгүрлөп,
Көпчүлүк топук алганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 285).

«Айкөл эрди ошондо, Ай талаада калайык Кан көтөрүп салды эми» (Саякбай Каралаев, 1. 215). Эпосто жоокерчилик доор, ошол кездеги стратегия менен тактика, адамдардын согуш учурундагы карым-катнаш мамилелери да реалдуу көркөм баяндалган.
С. Бегалиев

Примеры переводов: АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

Кыргызский Русский
Демократия демократия
Коомчулук, демократия жана ислам Сообщество, демократия и ислам
Либерализм, жарандык коом жана демократия Либерализм, Гражданское общество и демократия
ИСЛАМ, ДЕМОКРАТИЯ ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМ.Чандран Кукатас ИСЛАМ, демократия и гражданского общества путем Чандран Kukathas.
Кыскасы, демократия – мыйзам алдындагы эркиндик же жарандык коом. В фраза, демократии, в ее современном воплощении, предполагало свободу в соответствии с законодательством, это предполагало гражданского общества.
DFID менен USAID өнөктөштүктө демократия программаларын колдоого алат DFID и USAID Партнер для поддержки демократических программ
Ислам, демократия жана жарандык коомдун ортосунда кандай байланыш бар? Какова взаимосвязь между исламом, демократией и гражданским обществом?
Демократия – каршылык көрсөтүү эркиндигин камтыган башкаруу тутуму болгон. Демократия была задумана как система правления, при которой находился, прежде всего, свобода противопоставить.
Паспорттун, айдоочулук күбөлүктүн же аскердик күбөлүктүн көчүрмөсүн көрсөтүү менен утушту алса болобу? Могу ли я получить выигрыш представляя копию паспорта, водительские права или военный билет?
Давид Хелд келтирген жүйөөлөрдү карап чыгыңыз, Демократия үлгүлөрү, 2-чыгарылышы.(Кэмбридж: Полити, 1996-ж.). Смотрите, например аргументы, предлагаемые Дэвид занимал, модели демократии, 2-е изд. (Кембридж: Полити, 1996).
Бул нерсени демократия же элдик өкмөт деп айтсаңар болот, бул эки түшүнүктүн ортосунда эч кандай айырма жок. Будь вы называете эту демократию или народное правительство не имеет никакого значения.
Америка Кошмо Штаттарында бийлик добуш берүүчүлөрдүн колунда болгондуктан, биз аны демократия деп атайбыз. Мы называем США демократия, потому что власть в стране находится в руках избирателей.
жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат; присваивает высшие воинские звания, дипломатические ранги, классные чины и иные специальные звания;
Азыркы мезгилде, бийликтин бөлүштүрүлүшүн институтташтырган саясий тартип демократия тартиби катары каралат. В современном мире, один очень важный политическая традиция которого точка является институционализация разделение властей является традиция демократии.
Америка Кошмо Штаттарында бийлик добуш берүүчүлөрдүн колунда болгондуктан, биз аны накта демократия деп атайбыз. Мы называем США демократия, потому что власть в стране находится в руках избирателей.
Акыры, өзүнүн аскердик “көзөмөлүнөн” улам, Эрбакандын өкмөтү 1997-жылы июнь айында бийликтен кетүүгө аргасыз болгон. В конце концов, в военных "надзор" правительства Эрбакана привело к его вынужденной отставке в июне 1997 года.
иштеген тармагы (тармактары) банк/каржы кызматтары, аскердик өнүмдөр же кызматтар, кумар оюндары, тамеки чыгаруу ЭМЕС район (ы) деятельности, не в банковском / финансовых услуг, военных товаров или услуг, азартные игры, табак
Ислам дининин демократия же жарандык коом же азыркы замандын принциптери менен “жылдызы келишпейт” деп ойлоо туура эмес. Ислам не вступает в противоречие с демократией или с гражданским обществом, или современности.
Буга кошумча атайын аскердик буйрук чыгарылып, батыштагы түпкүлүктүү калк резервациялардан тышка чыкпоого тыйуу салынат. Кроме того, военные издал приказ, запрещающий западные индейцы покидать резервации.
Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын, класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө; установление воинских званий, дипломатических рангов, категорий класса и иных специальных званий Кыргызской Республики;

Примеры переводов: АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

Кыргызский Английский
Демократия Democracy
Коомчулук, демократия жана ислам Community, Democracy, and Islam
Либерализм, жарандык коом жана демократия Liberalism, Civil Society, and Democracy
ИСЛАМ, ДЕМОКРАТИЯ ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМ.Чандран Кукатас ISLAM, DEMOCRACY, AND CIVIL SOCIETY by Chandran Kukathas.
Кыскасы, демократия – мыйзам алдындагы эркиндик же жарандык коом. In a phrase, democracy, in its modern incarnation, presupposed freedom under law, It presupposed civil society.
DFID менен USAID өнөктөштүктө демократия программаларын колдоого алат DFID and USAID Partner to Support Democracy Programs
Ислам, демократия жана жарандык коомдун ортосунда кандай байланыш бар? What is the relationship between Islam, democracy, and civil society?
Демократия – каршылык көрсөтүү эркиндигин камтыган башкаруу тутуму болгон. Democracy was conceived as a system of government in which there was, above all, freedom to oppose.
Паспорттун, айдоочулук күбөлүктүн же аскердик күбөлүктүн көчүрмөсүн көрсөтүү менен утушту алса болобу? Can I get winning presenting a copy of passport, driving license or military card?
Давид Хелд келтирген жүйөөлөрдү карап чыгыңыз, Демократия үлгүлөрү, 2-чыгарылышы.(Кэмбридж: Полити, 1996-ж.). See for example the arguments offered by David Held, Models of Democracy, 2 nd ed. (Cambridge: Polity, 1996).
Бул нерсени демократия же элдик өкмөт деп айтсаңар болот, бул эки түшүнүктүн ортосунда эч кандай айырма жок. Whether you call this democracy or popular government doesn’t make any difference.
Америка Кошмо Штаттарында бийлик добуш берүүчүлөрдүн колунда болгондуктан, биз аны демократия деп атайбыз. We call the United States a democracy because the rule of the country is in the hands of the voters.
жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат; confers higher military ranks, diplomatic ranks, class ranks, and other special titles;
Азыркы мезгилде, бийликтин бөлүштүрүлүшүн институтташтырган саясий тартип демократия тартиби катары каралат. In the modern world, one very important political tradition whose point is to institutionalise the separation of powers is the tradition of democracy.
Америка Кошмо Штаттарында бийлик добуш берүүчүлөрдүн колунда болгондуктан, биз аны накта демократия деп атайбыз. We call the United States a democracy because the rule of the country is in the hands of the voters.
Акыры, өзүнүн аскердик “көзөмөлүнөн” улам, Эрбакандын өкмөтү 1997-жылы июнь айында бийликтен кетүүгө аргасыз болгон. In the end, the military’s "supervision" of Erbakan’s government resulted in its forced resignation in June 1997.
иштеген тармагы (тармактары) банк/каржы кызматтары, аскердик өнүмдөр же кызматтар, кумар оюндары, тамеки чыгаруу ЭМЕС area(s) of activity NOT in banking/financial services, military products or services, gambling, tobacco
Ислам дининин демократия же жарандык коом же азыркы замандын принциптери менен “жылдызы келишпейт” деп ойлоо туура эмес. Islam is not at odds with democracy or with civil society, or modernity.
Буга кошумча атайын аскердик буйрук чыгарылып, батыштагы түпкүлүктүү калк резервациялардан тышка чыкпоого тыйуу салынат. In addition, the military issued orders forbidding western Indians from leaving reservations.
Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын, класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө; establishing of military ranks, diplomatic ranks, class categories and other special titles of the Kyrgyz Republic;

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: